Биз социалдык тармакта

Таласта асфальт-бетон заводунда көчмө текшерүү жүргүзүлдү

Курулуш министрлигине караштуу Курулушту сертификаттоонун республикалык борборунун адистери Талас шаарындагы асфальт-бетон заводунда көчмө текшерүү жүргүзүштү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө адистер техникалык жана коштоочу документтерди карап чыгып, лабораториялык сыноо үчүн чыгарылып жаткан продукциядан үлгүлөрдү алышты.

Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында продукциянын ченемдик талаптарга шайкештиги бааланат. Лабораториялык сыноолордун жыйынтыгына жараша шайкештик сертификатын берүү же андан баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан