Бүгүн, 7-августта Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Элебесов көчөсүндө жайгашкан жеке турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
ӨКМдин маалыматына караганда, өрттү өчүрүүгө 3 өрт өчүрүү бөлүмү жана штаб тартылган. Өрт саат 14:38де толук өчүрүлгөн.
Өрттүн жалпы аянты болжол менен 300 чарчы метрди түзүп, кырсыктан жабыркагандар катталган эмес.