Белгилүү актёр Жеки Чандын "Кудайдын сооту 4: Ультиматум" тасмасынын айрым эпизоддору Азербайжандын Баку шаарындагы Ичери-Шехерде тартылып жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлашты.
Тасма тартуу учурундагы Жеки Чандын жана чыгармачыл топтун катышуусундагы видеолор социалдык тармактарга тарады.
Белгилей кетсек, Ичери-Шехер – Бакунун жөн гана эски көчөлөрү эмес, тарыхый архитектуралык мурас. Ал 2000-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Бул жерде XII кылымга таандык чеп дубалдары, Кыз мунарасы жана XV кылымдагы Ширваншахтар сарайы жайгашкан.