Бүгүн, 7-августта саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын аймагында курулуп жаткан Перинаталдык борбордун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Долбоор Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан энелер менен балдардын саламаттыгын коргоо программасынын алкагында ишке ашырылып жатат. Курулуш Германиянын өнүктүрүү банкы (KfW) тарабынан бөлүнгөн 13,5 миллион евро көлөмүндөгү гранттык каражаттын эсебинен каржыланууда.
Иш сапарынын жүрүшүндө KfW банкынын, консалтингдик компаниянын жана башкы подрядчы China Road компаниясынын өкүлдөрү курулуш иштеринин жүрүшү боюнча маалымат беришти.
Учурда объекттин курулуш даярдыгы 10 пайызды түзөт. Курулуш-монтаж иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп, күн сайын курулуш аянтчасында 30дан 70ке чейин адис эмгектенүүдө.