Биз социалдык тармакта

ЕАЭБдин өкмөт башчыларынын жыйынында бир катар документтерге кол коюлду

Чолпон-Атада 7-августта өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Министрлер кабинети документтердин тизмесин жарыялады:

  • "Евразия экономикалык комиссиясынын чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жана аларда атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузууларды алдын алуу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө 2025-жылга карата жылдык баяндамасы жөнүндө" тескеме;
  • Евразия экономикалык биримдигинин алкагында товарлар менен электрондук соода кылуу жөнүндө макулдашуу;
  • Евразия экономикалык биримдигине мүчө бир мамлекеттин брокерлеринин жана дилерлеринин мүчө башка мамлекеттердин биржаларындагы (соода уюштуруучуларындагы) уюштурулган соодага катышуусуна жол берүү жөнүндө макулдашуу;
  • Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин чегинде окумуштуулук наамдарды ырастаган документтерди өз ара таануу жөнүндө макулдашуу;
  • "Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдеринин долбоорлоруна жана Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы эл аралык келишимдердин долбоорлоруна карата жөнгө салуучулук таасирди баалоо жол-жоболорун жүргүзүүгө мониторинг жүргүзүү, ошондой эле 2024–2025-жылдары Евразия экономикалык комиссиясынын кабыл алынган чечимдеринин иш жүзүндөгү таасирин баалоо боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын отчёту жөнүндө" тескеме;
  • "Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын убактысы жана өткөрүлүүчү жери жөнүндө" тескеме.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан