Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Кыргызстандын аймагында 9-августта саат 21:42де 3 баллдык жер титирөө катталды.
Анын очогу Ош шаарынан 135 чакырым түштүк-чыгышта, Эркеч-Там айылынан 5 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Жер титирөө Нура, Эркеч-Там айылдарында 3 баллга жакын сезилген.