Тоң районунун акими Бактыбек Осмонов эл менен тыгыз байланышта болуу үчүн райондогу ар бир айылдын WhatsApp тайпаларына кошулган.
Айтымында, ал тайпалар аркылуу элдин көйгөйлөрүн угуп, тургундар менен байланышып турат.
“Эл менен тыгыз байланышта болуу үчүн ар бир айылдагы тайпаларга кошулуп алгам. Өзүм байланышка чыгып, эл менен баарлашып турам. Телефонум 24 саат иштейт, каалаган убакта чалгыла, маселени чечип берем деп тамашалап калам”,- деди Осмонов.
Видео: Нургазы Мусаев