Биз социалдык тармакта

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына 600дөн ашык медкызматкер тартылат

ШКУ саммити менен VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 600дөн ашык медицина кызматкерин тартуу пландалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинде өткөн жумушчу жолугушууда белгилүү болду.

Ага ылайык, Көчмөндөр оюндарынын аянтчаларында медициналык пункттар, медициналык бөлүмдөр жана мобилдик госпитал уюштурулат.

Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинде медициналык кызматтардын ишин күнү-түнү координациялоону жана ыкчам чара көрүүнү камсыз кылган ыкчам штаб түзүлүп, дары-дармек, медициналык жабдуулар менен камсыздалат.

Белгилей кетсек, ШКУ жыйындары 31-августта жана 1-сентябрда Бишкекте өтөт. Ал эми Көчмөндөр оюндарынын ачылышы, 31-августта борбор калаада орун алат, калган бөлүгү Чолпон-Ата шаарында өтөт.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан