Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу "Айтматов" тасмасынын расмий тизери социалдык тармактарда жарыяланды.
Тасмада жазуучунун басып өткөн жолу, чыгармачылыгы жана кыргыз адабиятына кошкон салымы баяндалат. Айтматовдун чыгармалары 170тен ашуун тилге которулуп, жалпы нускасы 100 миллиондон ашкан.
"Айтматов" тасмасы 22-октябрдан тарта өлкөнүн бардык кинотеатрларында көрсөтүлөт. Режиссёру жана продюсери - Каныбек Калматов.