Бишкек шаардык соту “75чилердин каты" боюнча ишти кароону 13-августка жылдырды. Буга жактоочулардын мамлекеттик айыптоонун токтому менен толук тааныша электиги себеп болгон.
Буга чейин УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмүнө каршы шаардык сотко апелляциялык арыз берген. Бул ишти караган прокурорлор да шаардык сотко даттанганы маалымдалган.