Кечээ, 9-августта актриса Альбина Имашова Тоң районунун 90 жылдыгына арналган мааракелик иш-чарада райондун Ардактуу атуулу наамына ээ болду. Бул тууралуу актриса өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Ал өзүнүн кичи мекени Тоң районунун Кара-Коо айылы экенин айтып, сыйлыкка ээ болгонуна кубанып жатканын билдирген.
"Тоң районунун Ардактуу атуулу аталып, кубанычымда чек жок болуп турган учур. “Кызды төркүн көтөрөт” деген ушул экен. Төркүнүмө ыраазычылык билдирем",- деп жазды Имашова.