Тоң районунун 90 жылдык мааракесине карата өткөрүлгөн төкмө акындардын республикалык айтышында баш байгеге Турат Жумаев менен Кутман Садыбакасов ээ болушту.
Башка байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
- 1-орун: Эсенбек Кийизбаев, Арген Биймырза уулу;
- 2-орун: Баян Акматов, Ажыбек Дүйшө уулу;
- 3-орун: Жылдызбек Төрөканов, Нурсултан Малдыбаев.
Маданий иш-чаранын жалпы байге фонду 1 миллион сомду түздү.