Кечээ, 9-августта Рим папасы Лев XIV Орусия менен Украинаны согуштук аракеттерди токтотууга, сүйлөшүүгө чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.
Понтифик согуш жаңы согуштарды жаратып, элге чоң азап алып келерин белгилеп, зомбулукту токтотуп, дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтыкка жол ачууга үндөдү.
Ошондой эле Лев XIV тараптарды эл аралык гуманитардык укукту сактап, жай тургундар жабыркаган соккуларды токтотушу керектигин айтты.