Өлкө аймагында бир апта ичинде 28 миң 753 жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалымдалгандай, айтылган көрсөткүч 31-июлдан 6-августка чейин катталган.
- Тиешелүү документтери жок транспорт каражатын башкаруу - 4502;
- Мас абалында транспорт каражатын башкаруу - 415;
- Транспорт каражаттарынын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 207;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол кыймылынын эрежелерин бузуу - 841;
- Транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 4582;
- Автоээнбаштык - 33;
- Белгиленген ылдамдык чегинен ашуу - 1567;
- Жасалма мамлекеттик номер менен транспорт каражатын башкаруу - 8;
- Башка жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактылары - 13 миң 357.
3241 транспорт каражаты убактылуу токтотуучу жайларга киргизилген.