Кант - АБЗ унаа жолун асфальттоо иштеринде ресайклинг технологиясы өлкөдө биринчи жолу колдонулууда.
Транспорт министрлиги маалымдагандай, мында эски асфальт катмары атайын техника менен ошол жерде эле кайра иштетилип, шагыл жана башка керектүү материалдар кошулат. Натыйжада асфальт басууга чейинки жолдун негизи даярдалып, үстүнө жаңы асфальт катмары төшөлөт.
Бул технология чыгымдарды азайтып, курулуш иштерин тездетет.