Бүгүн, 10-августта Бишкектин 8-кичи районундагы аялдамадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Өрттү өчүрүүгө саат 09:41де бир өрт өчүрүүчү эсеп тартылган. Саат 10:10до өрт толугу менен өчүрүлгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана жагдайлары такталууда.