Биз социалдык тармакта

Трамп Ак үйдүн жаңы юрисконсультун дайындады

Бүгүн, 10-августта АКШ президенти Дональд Трамп Уилл Шарфты Ак үйдүн жаңы юрисконсульту кылып дайындаганын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Шарф бул кызматта январь айынан бери иштеп келген Дэвид Уоррингтондун ордун басат. Ал эми Уоррингтон жеке секторго өтөт.

Уилл Шарф буга чейин Трамптын администрациясында иштеп, Улуттук борборду пландоо комиссиясын жетектеген. Ал Ак үйдүн жаңы бал залынын курулушуна уруксат алуу процессине да катышкан.

Жаңы кызматында Шарф президентке укуктук жана саясий маселелер боюнча кеңеш берип, Юстиция министрлиги менен кызматташат жана бир катар юридикалык документтерди даярдоого жооп берет.

Жаңы юрисконсульт кызматка 1-сентябрдан тартып киришет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан