Биз социалдык тармакта

Ош милициясы чагымчыл маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартыларын эскертти

Ош облустук милициясы улуттар жана аймактар аралык кастыкты козуткан жалган маалыматтарды тараткан жарандар жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Тагыраагы, аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыш иши козголот.

Милиция социалдык тармактарга маалымат жарыялоодон мурда анын тактыгын текшерүүгө үндөдү. Ошондой эле мыйзам бузуу, чагымчылдык жана коомдук тартипти бузууга байланыштуу фактылар аныкталса, мыйзам чегинде чара көрүлөрү белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан