Өлкөдө 1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн индексациялоо жана пенсиянын минималдуу өлчөмүн 8800 сомго чейин жогорулатуу пландалууда. Ал үчүн Социалдык фонддон 4,4 миллиард сом каралган.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2026-жылдын 1-октябрына карата пенсионерлердин саны 832 миң адамды түзөт.
Президенттин администрациясы билдиргендей, индексациялоонун жыйынтыгында пенсиянын орточо өлчөмү 12 898 сомго жетет.