Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева психологиялык ишмердүүлүк боюнча мыйзам долбоорун сунуштаарын маалымдады. Анда психологдордун бирдиктүү реестри түзүлмөкчү. Демек, кардар алардын билими тууралуу маалыматтарга ээ болот.
Эл өкүлү аталган маселени көтөрүүгө ата-энелердин даттануулары себеп болгонун белгиледи. Айтымында, интернет желесинде өзүн психолог катары тааныштырып, жарандарга курстарын саткандар көп болууда.
Сурабалдиева соцтармактагы баракчасы аркылуу жасаган кайрылуусунда, мындай сунушту берердин алдын өлкөдөгү психологдор менен сүйлөшкөнүн билдирди.