Биз социалдык тармакта

Бишкекте мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн компания кара тизмеге кирди (видео)

Бишкек шаарынын Көк-Жар кичи районунда мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн компания кара тизмеге кирди.
Курулуш министрлиги билдиргендей, жер казуу иштеринин жүрүшүндө тротуар бузулуп, жаракалар пайда болгон, ошондой эле курулуш иштери мыйзамсыз жүргүзүлгөн.
Натыйжада “Улан Строй Компани” ЖЧКсына 200 миң сом айып салынды. Компаниянын лицензиясы 90 күнгө токтотулуп, кара тизмеге киргизилди. Тиешелүү кызматкерлер квалификациялык сертификаттарынан ажыратылып, ээлеген кызматынан бошотулду. Объектинин жумушчу долбоору жана шаар куруу корутундусу жокко чыгарылды.
Компанияга бузулган тротуарды толук калыбына келтирүү талабы коюлуп, кошумча жарыктандыруу орнотулду.
Бишкекте мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн компания кара тизмеге кирди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан