Бишкек-Ош жолуна түшкөн кар көчкүнүн узундугу 350, бийиктиги 35 метр

Бишкек-Ош жолуна түшкөн кар көчкүнүн узундугу 350 метр, бийиктиги 35 метрди түздү. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кар көчкүнүн болжолдуу көлөмү 126 миң метр куб. Учурда Жалал-Абад ОИИББинин Жол-кайгуул кызматы тарабынан жол коопсуздугун сактоо чаралары көрүлүүдө.

Эске сала кетсек, бүгүн, 31-январда саат 06:00дөр чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында (Көчкү-Булак участогу) кар көчкүсү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылган. Азыркы тапта 1 бульдозер, 1 жүктөгүч, 1 грейдер ишке тартылып, тазалоо иштери жүрүп жатат.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан