“Манчестер Ситинин” коргоочусу Абдукодир Хусанов команданын Азиядагы сезон алдындагы турнесин мөөнөтүнөн мурда токтотуп, “Атлетико” менен боло турган беттешке катышпай калды.
Клуб футболчунун үй-бүлөсүндө болгон кайгылуу окуяга байланыштуу аны үйүнө жиберди. Хусановдун чоң атасы Хусан Хошимов 7-августта дүйнөдөн кайткан.
Күтүлүп жаткандай, коргоочу жакынкы күндөрү командага кайтып келип, жаңы сезонго даярдыгын улантат.