Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда жети айда 387 этникалык кыргызга кайрылман статусу берилди

Өлкөдө акыркы жети айда 387 этникалык кыргызга кайрылман статусу берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, алардын басымдуу бөлүгү Тажикстандан келген, 351 адам. Ошондой эле Өзбекстандан 16, Кытайдан 10, Орусиядан 5, Ооганстандан 1 жана башка өлкөлөрдөн 4 этникалык кыргыз кайрылман статусун алган.

"Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери өлкөгө 90 миңден ашуун этникалык кыргыз көчүп келген. Алардын 70 миңге жакыны Кыргызстандын жарандыгын алган. Кайрылман статусу бар адамдар социалдык жөлөкпул, пенсия, медициналык жардам алууга, билим алууга жана өлкөдө эмгектенүүгө укуктуу",- деп белгиленди маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан