Бишкекте 11-августтан тарта Фрунзе көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат. Бул тууралуу калаа мэриясынан маалымдашты.
Аталган иштер жолду реабилитациялоо долбоорунун кезектеги этабы болуп саналат. Буга чейин Фрунзе көчөсүнүн Сүйүнбаев көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки тилкесинде оңдоо иштеринин негизги бөлүгү аяктап, жол кыймылы үчүн ачылды.
Мэрия айдоочуларга багыттарын алдын ала пландап алууну эскертти.