Биз социалдык тармакта

Москвада 41 жаштагы аял 15-наристесин жарыкка алып келди

Кечээ, 10-августта Москвада 41 жаштагы Надежда Рогова аттуу аял 15-наристесин жарык дүйнөгө алып келди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Надежда 15 балалуу болууну атайын максат кылбаганын, бирок үй-бүлөсү чоң болорун алдын ала билгенин айткан.
"Кудай балдарды берет, алар өздөрү келишет. Ар бир наристе менен кошо Кудай көбүрөөк күч жана сүйүү берет. Эң негизгиси - бири-бириңерди сүйүп, бири-бириңерге жардам берип, баарына жеңил мамиле кылгыла. Ошондо баары болот",- деген көп балалуу эне.

Анын 15 баласынын баары табигый жол менен төрөлгөн. Надежда эпидуралдык анестезиядан да баш тарткан. Ал эми жолдошу бардык төрөттөрүндө жубайынын жанында болгон.

Төрөттү кабыл алган акушер-гинеколог Василий Ассанский дээрлик 30 жылдык эмгек жолунда биринчи жолу 15-жолу эне болуп жаткан аялдын төрөтүнө катышканын айткан.

Орусияда 15 жана андан көп балалуу үй-бүлөлөр саналуу гана. Буга чейин 2026-жылы Елена жана Валерий Ильючиктердин үй-бүлөсүндө 16-бала төрөлгөнү маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан