Колумбиянын жаңы президенти Абелардо де ла Эсприэлланын администрациясы Израилдин Голан бийиктиктериндеги эгемендүүлүгүн тааныды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Израил 1967-жылдын июнь айында алты күнгө созулган согушта Голан бийиктиктеринин батыш бөлүгүн Сириядан тартып алган.
"Жакынкы Чыгыштагы уланып жаткан аймактык туруксуздукту жана Голан бийиктиктеринин Израилдин коопсуздугу үчүн стратегиялык маанисин эске алуу менен, Колумбия өкмөтү Израилдин бул аймактагы эгемендүүлүгүн, ошондой эле ал мамлекеттин тышкы коркунучтардан өзүн коргоо укугун тааныйт",- деген билдирүү тараткан Колумбиянын Тышкы иштер министрлиги.