Биз социалдык тармакта

Өкмөттө күйүүчү-майлоочу май маселеси талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.

Жыйында мунай заттары рыногундагы учурдагы кырдаал боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү мунай заттарын үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыздоо жана ички рыноктогу тартыштыкка жол бербөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып беришти.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга мунай заттарын туруктуу жеткирүүнү камсыздоо жана ички рыноктогу кырдаалды мындан ары көзөмөлдөө боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан