Бүгүн, 11-августта Бишкектеги аялдамалардын биринде №243 каттамдын автобусунун айнеги белгисиз себептен улам сынып, күүлүп калды.
Жүргүнчүлөрдүн айтымында, буга күндүн катуу ысышы себеп болушу мүмкүн. Бактыга жараша, окуядан эч ким жабыркаган жок.
Тургундар автобустардын техникалык абалын текшерүүгө көңүл бурууга чакырышууда. Алар мындай учурлардын кайталанышы жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн экенин белгилешет.
Видео: Марьям Бейшекеева