"Кумтөрдүн" мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаровду ошол кызматка алып барганын айтып чыкты.
Анын айтымында, Бөлтүрүктөн Акылбек Жапаров өзү суранган.
"Артымдан калбай "президент сени угат, мени айтып өкмөт башчы кылчы?" деп жүрдү. Анан мен Садыр Жапаровго айтып каржы министри кылгам. Кийин Женевада өзүбүзчө отурганда Камчыбек Ташиев менин сунушумду колдоп, анан президентке айтып, Акылбек Жапаровду өкмөт башчысы кылганбыз",- деп жазды Теңгиз Бөлтүрүк соцтармактагы баракчасына.