Жыл башынан бери өзгөчө көңүл бурууну талап кылган шарттарда жашаган 3606 бала аныкталды. Бул тууралуу 11-августта Эмгек министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, тиешелүү иштер жүргүзүлүп, 1702 бала оор турмуштук кырдаалдан чыгарылган.