Оштун Ноокат райондук электр тармактары ишканасында электр энергиясынын көрсөткүчтөрү жасалмаланганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган ишкананын кызматкерлери былтыр райондогу сегиз айыл өкмөткө караштуу бюджеттик мекемелердин электр энергиясын керектөө көрсөткүчтөрүн жасалмалашып, мыйзамсыз актыларды түзүшкөн. Документтерде иш жүзүндө пайдаланылбаган 1 218 365 киловатт-саат электр энергиясы ашыкча көрсөтүлүп, мамлекетке 4 миллион 826 миң 127 сом зыян келтирилген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүүдө.