Ошто окуп, иштеп же дагы башка максаттар менен жүргөн чет өлкөлүк жарандар текшерүүгө алынды.
Облустук милициянын маалыматына караганда, Укук бузуулар кодексинин 94-беренесинин (Чек ара эмгек мигранты тарабынан Кыргызстанда эмгек ишин жүзөгө ашыруунун эрежелеринин бузулушу) негизинде 10 чет элдик жаранга протокол түзүлүп, 10 миң сомдон айып пул салынган.
Ошондой эле чет элдиктерге өлкө мыйзамдарын так сактоо, ар кандай чагымчыл аракеттерге азгырылбоо керектиги эскертилген.