Бишкек мэриясы бүгүн, 11-августта эки өспүрүмдү сүзүп кеткен автобуска байланыштуу билдирүү таратты.
Алдын ала маалыматка караганда, №153 каттамда жүргөн автобустун айдоочусу түндүктү көздөй бара жатып, "Аска-Таш" комплексине жетпей, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп бара жаткан 15-16 жаштардагы эки өспүрүм кызды сүзүп кетти.
"Кырсыктан кийин жерине "Тез жардам" чакырылды. Жабыркаган өспүрүмдөр №3 балдар ооруканасына жеткирилди. Алдын ала маалымат боюнча, кыздар оор жаракат алышкан эмес. Учурда кырсыктын себептери жана жагдайлары аныкталып, тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө",- деп билдирди мэриядан.