Коргоо министрлиги чек араны тосууда колдонулуучу материалдарды тик учак менен ташыйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Болот Ибрагимов билдирди.
Ал белгилегендей, мындай аракеттер 20-августтан башталат. Эл өкүлү кесиптеши Чыңгыз Ажибаев менен бирге Баткенге чек араны тосуу иштери менен таанышуу үчүн барышканын айтты. Депутаттар чек арачылардын тоо аралаган кооптуу жолдор менен түркүктөрдү ташып жүрүшкөнүнө күбө болушкан.
Ибрагимов мындан улам Бишкекке келишкенде жыйын өткөрүшкөнүн, анда Коргоо министрлиги менен Чек ара кызматына аскер кызматкерлерди кооптуу абалга салбоо өтүнүчү айтылганын белгиледи.