Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө 30 миң доллар талап кылууга шектелип мамлекеттик кызматкер кармалды

Ысык-Көл облусунда 10 гектар жер үчүн жарандан 30 миң доллар талап кылууга шектелип эки жаран кармалды. ИИМ алар Ысык-Көл токой чарбасынын 1979-жылы туулган инженери Т.Б. жана 1969-жылы туулган К.Д. аттуу жарандар экенин билдирди.

Маалыматка караганда, алар Ананьево айылындагы 10 гектар жер тилкесин мыйзамдуу негизде пайдалануу укугун алган жарандан акча талап кылган. Шектүүлөр жер тилкеси боюнча келишим түзүүнү атайылап создуктуруп, жеке кызыкчылык үчүн 30 миң доллар сурашкан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголду. Шектүүлөргө сот эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан