
Президенттин иш башкармалыгы "Бишкек арена" стадионунун расмий ачылышы 5-октябрда болорун кабарлады.
Маалыматта ал күнү азем чоң шоу-концерт менен өтүп, стадионго кирүү акысыз болот. Ал эми 31-августта стадиондо Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өтөт. Бирок бул "Бишкек аренанын" расмий ачылышы болуп эсептелбейт.