Биз социалдык тармакта

Ошто кыз-жигитти сабашкан балдар менен кыз кармалды

Ош шаарында кыз-жигитти сабап, акча талап кылышкан делип 22, 18 жаштагы жигиттер жана 21 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу калаа милициясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, алар унаа менен бара жатышып, жол боюнан кыз-жигитти көрүп калышкан. Шектүүлөр унаадан түшүшүп, жабырлануучуларды ур-токмокко алышкан жана акча талап кылышкан.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан тоноо) менен кылмыш иши козголгон. Ош шаардык соту тарабынан 18 жана 22 жаштагы жигиттер эки айга камакка алынышса, 21 жаштагы кыз үй камагына чыгарылган.
Учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан