Биз социалдык тармакта

Түштүк Корея Украинага курал берүүдөн баш тартты

Түштүк Корея Украинага өлүмгө алып келүүчү курал-жарак жөнөтпөө позициясын сактайт. Бул тууралуу 10-августта Yonhap агенттиги булактарга таянып кабарлады.

Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин жогорку даражалуу өкүлүнүн айтымында, өлкө ички мыйзамдарын жетекчиликке алат. Сеул Киевге гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр, бирок өлүмгө алып келүүчү курал бере албайт.
Өкмөт Украинага энергетика, инфраструктура, саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарында колдоо көрсөтүүнү улантарын билдирген.

Буга чейин, 8-июлда, Түштүк Корея Украинага 100 миллион долларлык гуманитардык жардам бөлөрү маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан