Нарын бажысы жалпы салмагы 460 килограммга жакын декларацияланбаган товарды аныктады.
Маалымдалгандай, КЭР жараны башкарган автобусту текшерүү учурунда белгиленген тартипте декларацияланбаган 240 комплект камуфляждык кийим, 120 даана атайын форма жана кепка, спорттук бут кийим, автоунаа тетиктери жана башка товарлар бар болгон. Аныкталган товарлардын жалпы чекене баасы 558 миң 849 сомду түзгөн.
Натыйжада мамлекеттик бюджетке 257 миң 756 сом өндүрүлдү.