Лионель Месси атасы Хорхе Мессинин көзү өткөндөн кийин футболдук карьерасын белгисиз мөөнөткө токтотууну чечти.
Doble Amarilla басылмасынын маалыматына караганда, 39 жаштагы футболчу үй-бүлөсүнүн жанында болуу үчүн Аргентинада калууну чечкен. Анын машыгууларга жана оюндарга качан кайтып келери азырынча белгисиз.
Хорхе Месси 8-августта 68 жашында дүйнөдөн кайткан. Ал көп жылдар бою уулунун агенти жана негизги кеңешчилеринин бири болуп келген.
Месси буга чейин «Интер Майами» клубунун «Монтеррейге» каршы матчына да катышкан эмес.