Легендарлуу MSN үчилтиги 10 жылдан кийин кайрадан бир командада ойношу мүмкүн.
Мурдагы бразилиялык футболчу Фелипе Мелонун айтымында, Неймар «Сантос» клубунан кетип, 2027-жылдын январында «Интер Майамиге» өтүшү мүмкүн.
Эгер трансфер ишке ашса, Неймар «Барселонадагы» мурдагы өнөктөштөрү Лионель Месси жана Луис Суарес менен кайрадан бир командада ойнойт.
Месси, Неймар жана Суарес 2014–2017-жылдары «Барселонанын» курамында чогуу ойноп, футбол тарыхындагы эң атактуу чабуул үчилтиктеринин бирин түзүшкөн.
Ошол эле учурда Неймар менен «Интер Майами» ортосунда азырынча расмий келишим жок.