Биз социалдык тармакта

Роналду менен Жоржина баш кошту 

Кечээ, 11-августта португалиялык футболчу Криштиану Роналду менен модель Жоржина Родригес баш кошту. Жубайлар нике шакектери тагылган колдорунун сүрөтүн социалдык тармактагы баракчаларына жарыялашкан.

Роналду менен Родригес 2016-жылдан бери мамиле куруп, 2025-жылдын августунда футболчу ага үйлөнүү сунушун киргизген.

Учурда жубайлар 5 баланы (2 кыз жана 3 уул) тарбиялап келишет.

Эске салсак, 41 жаштагы Криштиану Роналду - футбол тарыхындагы эң ийгиликтүү оюнчулардын бири. Ал "Алтын топту" 5 жолу жеңип, "Манчестер Юнайтед", "Реал Мадрид", "Ювентус" клубдарында ойногон. Учурда Сауд Арабиясынын "Аль-Наср" клубунда ойнойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан