Чүй облустук милициясы 12-августта Кара-Балта шаарында топтошуп мушташкан жарандар жоопкерчиликке тартылганын билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 8-августка караган түнү Береговая көчөсүндө
катталган.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө мушташка катышкан 17 жигит аныкталып, Жайыл РИИБиге жеткирилген. Алдын ала маалыматтарга ылайык, окуяга эки жаштын социалдык тармактагы пикир келишпестиги себеп болгон.
Бардык катышуучуларга профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Алардын ичинен 6 балага Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 102-беренеси, ал эми 2 балага 126-беренеси боюнча протоколдор түзүлдү.