Биз социалдык тармакта

Дүйнөдөгү эң чоң стадиондор

Кыргызстанда 51 миң көрүүчүгө ылайыкташтырылган "Бишкек арена" стадиону октябрь айында ачылганы турат. Ал ачылса, сыйымдуулугу боюнча Борбор Азиядагы эң ири стадион болмокчу.

Ал эми "Бишкек аренаны" дүйнөдү чоң стадиондорго салыштырууга болобу? Биздин портал окурмандар үчүн Дүйнөдөгү эң чоң стадиондорду тизмектеп берүүнү туура көрдү.

Сап башында Индиядагы "Нарендра Моди" стадиону турат. Ага 132 миң адам батат. Стадион 1982-жылы курулуп, Сардар Патель деп аталчу. 2015-жылы эски стадион толугу менен бузулуп, 5 жыл ичинде ири заманбап арена катары кайрадан курулган. Ошентип спорт комплекси 2020-жылы ачылып, 2021-жылы Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин урматына аталган. Стадион 25 гектар аянтты ээлейт жана 80 метр бийиктикке жетет.

Экинчи орунду 114 миң көрүүчү батыра алган "Рунградо Биринчи Май" стадиону ээлейт. Ал Түндүк Кореянын борбору Пхеньян шаарындагы Тэдонган дарыясынын ортосунда жайгашкан Рунгра аралында курулган. Стадион аралдын атынан жана эл аралык эмгекчилердин күнү, тагыраагы, 1989-жылдын 1-майында ачылгандыкан ушундай аталып калган. Жалпы аянты 20,7 гектарды түзөт. Бийиктиги 8 кабат имаратка барабар.

"Мичиган" стадиону - АКШнын Мичиган штатындагы Энн-Арбор шаарында жайгашкан. АКШдагы эң чоң жана дүйнөдөгү сыйымдуулугу боюнча үчүнчү болуп саналат. Ал 107 601 көрүүчүнү батырат. Стадион 1927-жылы курулуп, ошол эле жылдын күзүндө расмий түрдө ачылган. Алгач 72 миң адамга ылайыкталып курулган. Кийинчерээк стадион бир нече жолу өзгөртүлүп, сыйымдуулугу дайыма өсүп отурган. Стадиондун сырткы көрүнүшү өтө бийик көрүнбөйт. Анткени, анын негизги бөлүгү жана оюн талаасы жер деңгээлинен төмөн салынган.
Испаниянын Барселона шаарында жайгашкан "Камп Ноу" стадиону 105 миң орундуу болуп саналат. Ал оңдоп-түзөөгө чейин 99 миң 354 көрүүчүнү баткыра алган. "Камп Ноу" 1957-жылы 24-сентябрда ачылган.
Бештикти Улуу Британиядагы "Уэмбли" стадиону толуктайт. Анын сыйымдуулугу 90 миң орун. Бул көрсөткүч боюнча ал Европада "Камп Ноудан" кийинки эле экинчи орунда турат. Алгачкы стадион 1923-жылы ачылган. Кийин, тагыраагы, 2002-жылы ал толугу менен бузулуп, анын ордуна жаңысы салына баштаган. Ошентип азыркы стадион 2007-жылы ачылган. Стадиондун чатыры ачылып-жабылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан