Биз социалдык тармакта

Балдарга сөөк чучугун трансплантациялоо үчүн жаңы жабдуулар алынды

Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна 24 миллион сомдон ашык суммага аферез аппараты жана экстракорпоралдык фотоферез системи тапшырылды. Жабдуулар "Ас-Сафа" коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан берилди. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, жабдуулар оор онкологиялык жана гематологиялык оорулар менен жабыркаган балдарга сөөк чучугун трансплантациялоодо колдонулат.

"Жыл сайын Кыргызстанда 20-30 бала мындай трансплантацияга муктаж болот. Учурда борбордо трансплантация үчүн атайын бөлүмдү оңдоо иштери да аяктап жатат",- деп белгиленген маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан