Ош шаарында эл аралык издөөдө жүргөн өзбекстандыктар кармалышты. Бул тууралуу калаа милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 38 жаштагы өзбекстандык жаран Масалиев көчөсүндөгү батирлердин биринен колго түшкөн. Ал өз мекенинде бир нече кылмыштарды жасаган деп айтылууда. Ага карата былтыр 31-декабрда эл аралык издөө жарыяланган. Шектүү Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Ошондой эле Ош шаарынын Авиценна көчөсүнөн 41 жаштагы өзбекстандык жаран кармалган. Ал Ташкент шаарында адам өлтүрүүгө шектелип, эл аралык издөөдө жүргөн. Учурда тиешелүү органдар тарабынан кармалган жарандарды өз мекенинин укук коргоо органдарына өткөрүп берүу маселеси каралууда.