Кара-Суу райондук электр тармактары ишканасынын Беш-Мойнок тилкеси боюнча 31 жаштагы жетектөөчү адиси кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү 29 жаштагы жарандан маселесин оң тарапка чечип берүү үчүн акча талап кылган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 251-беренеси (Кызматчынын сый акыны мыйзамсыз алуусу) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү Ош шаарынан колго түшүп, жанынан талап кылган 12 миң сом табылган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.