Кыргызстандык мушкер Марсель Нурланбек уулу "OCTAGON 90" турниринде казакстандык Ермек Нуранов менен октагонго чыгат. Беттеш 15-августта Казакстандын Конаев шаарында өтөт.
Уюштуруучулар белгилегендей, алгач Марселдин атаандашы казакстандык Нурсултан Оспан болмок. Бирок Оспан жаракатына байланыштуу беттешке катыша албай, анын ордуна Ермек Нуранов чыкты.
Кыргыз мушкери октагонго 15-0 деген жеңилбес рекорд менен чыгууда. Ал эми Нурановдун көрсөткүчү — 5 жеңиш, 2 жеңилүү.