Биз социалдык тармакта

"Европанын кичинекей шаарына киргендей". Өзгөндүн акими Балыкчынын мэрине чапан жапты

Оштун Өзгөн районунун акими Каныбек Апбасов Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарындагы өзгөрүүлөргө суктанып, калаа мэри Баатырбек Жантаевге чепкен кийгизди.

Балыкчы мэриясы жарыялаган видеодон анын: "Кыска мөөнөттө мындай чоң өзгөрүүлөр болгонун өз көзүбүз менен көрдүк. Киргенде эле административдик имаратыңыздар да өзгөчө стилде экен, капиталдык оңдоо болгону дароо көзге көрүнүп турат. Деги эле бардык жаңы имараттар бөлөкчө архитектуралык стилде курулуптур. Балыкчыга киргенде эле Европа мамлекетинин кичинекей шаарына киргендей болуп жатабыз",- дегенин угууга болот.

Өзгөндүн акими Балыкчынын мэрине чапан жапты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан